Жаңылыктар
Бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү

Бул кесипти аркалагандардын эмгеги баа жеткис. Каарманыбыз Данахан Улукахунова өмүрүнүн 28 жылын жалгыз бой калган улгайган жарандарга камкордук кылууга арнаган. 28 жылдан бери Данахан Улукахунова жалгыз бой калган улгайган адамдарга барып, үй шартына кам көрүп кызмат кылат. Карамагында 14 үй бар. Ар бирине айына 8 жолудан барат.
52 жаштагы каарманыбыз кесиби боюнча финансист. Өзү Сокулук районунун Күн-Туу айылында жашайт. Кол кабыш кылган карамагындагы адамдардын бардыгы Аламүдүн 1 кичирайонунда турат. 

Эмгек тажрыйбасына байланыштуу эки жылдан кийин пенсияга чыгат. Колго тийген айлыгы 8 миң сомдон гана бир аз ашат. Бишкек шаарынын коргоо системасында эмгектенген 645 адам, шаар боюнча 82 миң кишиге ар түрдүү социалдык кызмат көрсөтүшөт. Ал эми жалгыз бой калган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлеген 84 социалдык кызматкер бар. Эми аларга участкалык кызматкер функциясын берүү демилгеленүүдө. 

Бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында буга байланыштуу майрамдык иш-чара өттү. Социалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы менен бийлик өкүлдөрү куттуктап келишти. Жагымдуу куттуктоолордон кийин ушул тармакта эмгектенген кызматкерлерге арналып майрамдык концерт тартууланды.