Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында абал жеңилдеди
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында абал жеңилдеди

 Бир канча күндөн бери курчуп турган Казакстан тарапка өткөн көзөмөл-өткөрмө бекеттерде жарандарды текшерип өткөрүү иши тездетилди. Мындай жагдай Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугуп сүйлөшкөндөн кийин ишке ашты.


Шүкүралы Бакасов жайы кышы дебей Казакстанга өтчү Ак Жол бекетине кире бериш жерде бал сатып иштейт. Андыктан бул аймактагы баардык абалды жакшы билет. Бир аптадан бери ары-бери өткөндөрдүн маанайы түшүп, соодасы жүрүшпөй жаткан болсо, бүгүнтөн баштап кайрадан сатып алуучулар жандана баштады.



“Бүгүн эртең менен саат 8 де келсем эле, машиналар көрүнбөйт. Кечээ бул жерде эки катар машиналардын тыгыны турган да. Анан эле карасам, элдер өтүп баштаптыр. Маанайлары да жакшы”,- деп билдирди Шүрүралы ага.


Бир гана Шүкүралы ага эмес, 10-октябрдан бери жүргүнчү ташып иштеген таксисттер да иши жок туруп калышкан. Анткени казак тарап күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаганы кайра өткөндө күндөп-түндөп чек арада тургандан заарканган жарандар, Кыргызстан тарапка да көп каттабай калышкан.

Ал эми жөө адамдар өтүүчү жерде, кечээги абалдын бири жок. Казак чек арасы кадимки тартипте иштеп баштагандыктан түшкө маал Казакстан тарапка агылгандардын саны бир аз көбөйгөнү болбосо, жарандар эч тоскоолдуксуз өтүп жатышат.

“Ак тилек” менен “Чоң Капка” бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны бар. Бирок мурдагы күндөргө салыштырмалуу тезирек өткөрүлүп жатат.

Чек арадагы мындай өзгөрүү 18-октябрда казак-кыргыз өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Астанада жолугуп, чек арадагы кырдаалды талкуулагандан кийин болду. Анда тараптар чек арадан өткөрүүнү артыкчылыктуу тартипте жүргүзүү боюнча макулдашты.

 Учурда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана Орусиянын да жүктөрү турат. Эми чек арадагы оор жүк ташыган унаалар боюнча маселе жакынкы 5 күн аралыгында чечилет.

 Астанада болгон макулдашууга ылайык, кечээ түндөн баштап жөө адамдар, эл ташыган автоунаалар, жеңил автоунаалар анан бош жүк ташуучу автоунаалар чек арадан токтоосуз киргизилип баштады.