Жаңылыктар
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылат
Кыргызстан жаңылыктары
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу улантылат

Ушул күнгө чейин 3 миллион 161 миң адам биометрикалык маалыматтарын тапшырды. 

Мындай маалыматты “Ала-Тоо 24” каналына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди. Кызматтын билдирүүсү боюнча, биометрикалык маалыматтарды тапшыруу өнөктүгү 20-октябрдан кийин кайрадан жанданат. Анткени ар бир өткөн шайлоодо манжа изин окуй турган жабдыктар колдонулууда. Эми алар инвентеризациядан өтүп, андан кийин гана колдонула баштайт. Бирок биометрикалык паспортторду берүү иши өз нугунда эле жүрүүдө.


 Ушул күнгө чейин 220 миңден ашык адам биометрикалык паспорт алды.