Жаңылыктар
Кыргыз-орус өнүктүрүү Фондуна жаңы төрага дайындалды
Саясат
Кыргыз-орус өнүктүрүү Фондуна жаңы төрага дайындалды

Эркин Асрандиев кыргыз-орус өнүктүрүү Фондусунун Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Муну ырастаган буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 

Фонддун жамаатына жаңы төраганы биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов тааныштырды. Буга чейин Эркин Асрандиев Фонддун башкармалыгынын мүчөсү болчу.

 Фонддун мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына дайындалгандан кийин бул орун бош турган.