Жаңылыктар
Аксыдагы көп жылдан бери ишке ашпай келген Ак-Терек каналынын курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
 Аксыдагы көп жылдан бери ишке ашпай келген Ак-Терек каналынын курулушу башталды

Соңку жылдары өкмөт ирригацияны артыкчылыктуу багыт катары баалап, сугат суу менен камсыздоону колго алуу аракетин көрүп келет.  Аксы районундагы көп жылдан бери ишке ашпай келген Ак- Терек каналынын курулуш иштери башталды. Эгер аталган канал бүткөрүлсө, район аймагындагы суу жетпей турган миңдеген гектар дыйканчылык аянттары суу менен камсыз болот.  

Ак-Терек каналын куруу маселеси мындан 50-60 жыл мурун, башкача айтканда, союз жылдарынан бери көтөрүлүп,бирок ушул жылдарга чейин каналдын курулушу ишке ашпай келген.Себеби,курулуш чоң каражатты талап кылган.

Көп жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе эми ишке аша баштады. Каналды куруу иштери бир жарым айдан бери жүрүп жатат. Буга өлкө бюджетинен 100 миллион сом бөлүнүп берилген. Азыркы тапта 60-70 миллион сомодук иш аткарылган.Учурда каналды казуу,тазалоо жана бетон куюуу иштери кызуу жүрүүдө.

Жалпы курулуучу Ак-Терек каналынын узундугу 7км 300 метрди түзөт.Учурда 1 чакырымдан ашуун аралыгы курулуп бүттү. Адистердин айтымында эң оор жумуштар али алдыда турат. Анткени каналдын 2 чакырымдан ашуун аралыгы туннель болот.  Ал эми курулуштун жалпы сметалык баасы 800 миллион сомду чапчыйт.