Евразия экономикалык биримдигинин шартында ишкерликти өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрү талкууланды. Бишкекте өткөн жыйынга Россия, Германия, Улуубритания баштаган бир катар өлкөлөрдүн адистери катышты. Анда бизнести насыялоону кеңейтүү керектиги белгиленди. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы соңку абал тууралуу да сөз болду.
Иш-чара Кыргыз экономикалык университетинин жогорку окуу жай макамын алышынын жыйырма жылдыгына жана Экономика илимдеринин доктору, профессор Шайлообек Мусакожоевдин 80 жылдык мааракесинин урматына уюштурулду.
Кыргызстандын ЕАЭБдин босогосун атташы менен ишкер чөйрөгө жагымдуу шарттар түзүлөт деп күтүлгөн. Орус президентинин кеңешчиси айтып жаткан насыялоо маселеси кыргыз өкмөтүнүн көңүл сыртында эмес. Эки өлкөнүн келишиминин негизинде түзүлгөн өнүктүрүү фонду 700дөй долбоорлорду каржылады. Айрыкча экспорттоло турган товарларды өндүрүүчүлөргө жардам беришти. Биримдиктин талаптарына ылайык уюмга мүчө ар бир өлкөнүн ишкерлери ЕАЭБдин аймактарында эркин жүрүшү керек. Бирок, кыргыз-казак чек арасындагы соңку абал өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы келишимдерге доо кетиргендей.
Айрым учурларда мындай келишпестиктер жаралганы менен жалпысынан ЕАЭБге кошулуу жемишин берип жатканын айткан адистер арбын. Буга мисал катары эң ириде мигранттарга түзүлгөн шарттар белгиленет. Жумушчу күчүнүн эркин жүрүшү уюмдун негизги эрежелеринин бири.
Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнө саналуу гана жылдар болду. Жыйынга катышкан адистер башка кубаттуу уюмдар алгачкы жылдары өз ичинде түшүнбөстүктөргө, кыйынчылыктарга кабылганын белгилеп, бул күтүлө турган көрүнүш деген пикирди карманышат. Андыктан көпчүлүк убакыттын өтүшү менен тоскоолдуктар биротоло жоюлат деген үмүттө.