Жаңылыктар
Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздук чаралары текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздук чаралары текшерилди

Экологиялык техникалык инспекция тарабынан Бишкектеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн коопсуздук чаралары текшерилди. Учурда ордо калаада көп имараттар салынып жаткан менен көпчүлүгүндө коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес. 

Текшерүү иши Аламүдүн районуна жаңыдан салынып баштаган көп кабаттуу үйдүн курулушунан башталды. Инспекторлор баамдагандай, күн мурунтан айтылып кеткен тапшырмалар бул объектиде толугу менен эске алыныптыр. Жумушчулардын баары коопсуздук баш кийимдерин кийишкен, курулуш материалдары жыйнактуу жана баардыгында күн сайын ишти кантип аткаруу керектигин түшүндүргөн китепчеси да бар.

Логвиненко-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жаткан бул курулушка деле 10 чакты күн мурда бир катар эскертүүлөр берилген. Бирок мындагы курулушчулар чачылып жаткан таштандыдан баштап, имарат ичиндеги тосулчу жерлерге чейин эч кандай чара көрүшпөптүр.

Терезе тараптагы ачык жерлердеги тосмолор мындай турсун, лифт өтүүчү жайлардан баштап, ар кандай түтүктөр жаткырыла турган жерлердин баары ачык турат. Анткен менен курулушка жоопкер тарап абалдан чыгууга болушунча аракет кылды.

Андан аркы текшерүү иш чарасы Фатьянова көчөсүндөгү аяктап калган курулуш имаратынан уланды. Мурдарак эскертилген тапшырмалар толугу менен аткарылыптыр. Курулуштун чеке бели тосулган, таштандылар тазаланган, имарат ичиндеги кооптуу делген жайлардын баары бекитилген.

Кыргызстанда жылына өндүрүш процессиндеги 200дөй кырсык катталат. Албетте, бул расмий гана маалымат, чынында канча адам иш убагында кырсыктаганы жаап-жашырылып келет. Мындай абалдын алдын алуу максатында экотехинспекция адистери, текшерүүнү күчөттү.

Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, быйылкы 9 айда эле, курулуш тармагында 5 кырсык катталган. Андан 2 адам каза тапса, бирөө денесинен оор жаракат алып, майып болуп калды. Андыктан экотехинспекция баардык курулушчулардан коопсуздук эрежелерин толук сактоону талап кылып келет.