Жаңылыктар
Армения Президентинин КТРКга берген эксклюзивдүү маеги
Саясат
Армения Президентинин КТРКга берген эксклюзивдүү маеги

Армениянын Президенти Серж Саргсян “Ала-Тоо 24” каналына эксклюзивдүү маек берди. Суроолордун маанилүү бөлүгү Алмазбек Атамбаевдин ишмердиги, кетип жаткан Президент Кыргызстандын имиджин өзгөртө алдыбы, ал артында кандай мурас калтырып кетип жатат? - деген маселе түздү. 

Серж Саргсян менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда башынан эле жылуу жана ишенимдүү мамиле түзүлгөн. Бир жылда алар бир нече жолу жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу көзмө көз сүйлөшүшкөн. Биринчи эле суроо - Алмазбек Атамбаев президент катары эл аралык аренада өлкөнүн имиджин өзгөртө алдыбы?

 Армениянын президенти, Алмазбек Атамбаевдин эң чоң эмгеги - өлкөнүн өнүгүүсүнө негиз салганы деп эсептейт. Мисалга Кыргызстанда жакында эле өткөн шайлоону да эске салды. Өнөктүк таза өтүп, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнүн кепилдиги болду.

Серж Саргсян Кыргызстан туруктуу өнүксүн десе - анын жетекчилиги өлкөнүн азыркы өнүгүү жолун карманганы зарыл деп эсептейт.

Кыргызстан менен Армения эки мамлекет тең экономикалык жана аскерий саясий биримдикке мүчө. Анын башкысы - Евразия экономикалык биримдиги. Армения президенти бул альянста убагында кызыкчылыктар кандай корголгону тууралуу да ой бөлүштү.


Армения президенти кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдай боюнча да комментарий бере кетти. Саргсян - эгер чек арада абал өзгөрбөсө Евразия экономикалык биримдигинин жогорку кеңешинин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү боюнча да пикирин айтты.

Серж Саогсян Кыргызстандын жаңы президенти - Алмазбек Атамбаев жасаган бир топ натыйжалуу иштерди мындан ары да улантат деген үмүтүн билдирди. Бул эң биринчиден кыргыз элинин келечегин оңдоп, оң таасирин тийгизе турган кызыкчылыктар болот дейт Армениянын пре