Бул жылы Ош облусунда пахта аянты 2 миң гектарга көбөйдү. Ак алтынды кайра иштеткен ишкана буга чейин пахтаны Орусия, Нидерланд жана Бангладешке экспорттоп келсе, эми Өзбекстан менен ири көлөмдөгү келишимге кол коюлду. Коңшу мамлекет менен түзүлгөн келишим боюнча пахтадан өндүрүлгөн жип пайдалуу баага экспорттолот.
Мындан сырткары, пахтаны жыйноочу машинаны дагы Өзбекстандан алууга мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Шухрат Сайназаров Кара-Суу районун Нариман айыл аймагында 15 жылдан бери пахтачылык менен алектенет. Ал бир канча жылдан бери ак алтындын кытай сортун өстүрөт. Бул түрдүн өзгөчөлүгү түшүмү мол. 12 гектар жерден 35 тоннага чейин пахта алам дейт дыйкан.
Түшүмдү кечиктирбей жыйноо үчүн жумушчу күчүн жалдаган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы диалог жанданганы дыйкандарга пахтаны жыйноочу машинаны алууга шарт түздү. Ал жумуш күчүн кыскартып эле тим болбостон чыгымды да азайтат.
"Мындай машина Ташкентте 2013-жылдан бери чыгат. Тушумду жыйноодо Өзбекстан өзү, Тажикстан, Түркмөнстан пайдаланат. Кубаттуулугу кадимки 100 трактордун күчүнө барабар. Биринчи жыйноодо 6 гектар жерди 8 саата чогултат.” -деп билдирди өзбекстандык техник Исмаил Холбозоров.
Мамиленин жанданышы эки мамлекеттин ортосундагы көп тармак боюнча маанилүү. Бүгүн коңшу өлкөнүн ишкерлери менен кызматташуу тууралуу 60 келишимге кол коюлду. Пахтачылык жана башка тармак боюнча кол коюлган келишимдин суммасы 28 миллион доллардан ашат.
Учурда чийки пахтаны дыйкандар Оштогу жалгыз пахтаны кайра иштетүүчү заводго гана тапшыра алышат. Ишкана кайра иштетилген ак алтынды Орусия, Иран, Бангладешке экспорттойт. Экспорттун көлөмү жыл сайын өсүүдө. Былтыр 2 миң тоннадан ашык пахта буласы сыртка жиберилсе, быйыл 300 тоннага пахта көп экспорттолот.
Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуусу менен пахтачылык кайрадан кирешелүү тармакка айланууда. 2016-жылы Ош облусунда ак алтындын аянты 7 миң гектар болсо, быйыл 2 миң гектарга кеңейди.