Жаңылыктар
Памирден келген кош бойлуу келин көз жарды
Кыргызстан жаңылыктары
Памирден келген кош бойлуу келин көз жарды

Бишкектеги эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Памирден келген мекендештерибиздин арасындагы кош бойлуу келин көз жарды. 

Жанбүбү Маматзаим кызынын жана кичинекей уулунун абалынан вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова барып кабар алды. 

Дарыгерлер буга чейин кош бойлуу айым каттоого турбаганы менен учурда эне баланын саламаттыгы жакшы экенин билдиришти. Бул 37 жаштагы Жанбүбү Маматзаим кызынын төртүнчү баласы болуп калды. 

Мурда Памирде жүргөн учурда катаал шарттан улам алты баласы чарчап калган экен. Азыр Кыргызстанга келип көз жарып, 4 баласынын кашында аман-эсен болгонуна бактылуу экендигин айтууда.