Жаңылыктар
Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды
Кырсык
Бишкекте ири өрт кырсыгы катталды

22-октябрда күндүзгү саат ондор чамасында өрт өчүрүү кызматына тилсиз жоо тууралуу кабар келип түшкөн. Телефон чалган адам Асанбай кичи районундагы парктын жанында жайгашкан “Гамбей” кафеси өрттөнүп жатканын айткан. Тилсиз жоо жанындагы башка дагы имараттарга жайылган. 

Өрт өчүрүүгө бир нече унаа тартылып, аймакта жүргөндөрдүн бардыгы чыгарылган. Жабыркаган киши болгон жок. Өрт кырсыгы түшкүсаат 2лерде толугу менен өчүрүлдү. Өрткө эмне себеп болгону жана кожоюндары канча зыян тартканы азыр эсептелип жатат.