Жаңылыктар
Быйыл Таластын төө буурчагы 22 мамлекетке экспорттолуп жатат
Экономика
Быйыл Таластын төө буурчагы 22 мамлекетке экспорттолуп жатат

Таластык дыйкандар быйыл 30 миң 110 тонна төө буурчакты экспорттоого жетишти. Жогорку сапаттагы түшүмдү  Түркия, Россия, Казакстан, Болгария, Греция  жана Чех өлкөлөрү сатып алышты. 2017-жылы төө буурчак өткөн жылга салыштырмалуу 2 миңгектарга көп аянтка  эгилген. Бүгүнкү күнгө чейин 95 мин тонна түшүм жыйналып алынды.                                                                                                                   

Асан Ноорузбеков Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын дыйканы. Ал быйыл беш гектар жерге төо буурчак айдаган. Бүгүнкү күндө түшүмдү  жыйнапкабыл алуу жайларына тапшырып жатканына токтолду. Былтыркы жылдагы түшүмүнөн эки тонна сакталып турганын кошумчалады. 

Мурун төө буурчак өңчөй кол күчү менен ишке ашырылып келсе, акыркы кезде алардын баары техника күчү менен жүзөгө ашып келет. 

Жылдан жылга төөбуурчк аянтыкенейип барат. Быйыл 55 мин 200 мин гектарга кирешелүү талаа өсүмдүгү айдалган.Учурда жыйналган тушүмдуу тазалоо, сорттоо, кабыл алуу жайларына тапшыруужумуштар кызуу жүрүп жатат. Төо буурчак сатып алууүчүн чет өлкөлөрдөн келген ишкерлер бар. 

Таласта дыйкандар жыйнаган экологиялык таза азык  дүйнөнүн 30 га жакын өлкөсүнө экспорттолот. Алардынар асынан  «Лопатка» сорту басымдуулук кылат. Былтыр таласта 90 мин тоннага жакын төөбуурчак өндүрүлгөн болсо, быйыл азыркыга чейин жыйналган тушүм 95 мин тоннага жетти.