Жаңылыктар
Кыргыз спортчулары Турцияда өткөн эл аралык турнирде беш медаль утту
Спорт
Кыргыз спортчулары Турцияда өткөн эл аралык турнирде беш медаль утту

Кыргыз спортчулары Турцияда өткөн эл аралык турнирде беш медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясы билдирди. Турнир Стамбул шаарында 20-21-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышкан. 

Грек рим күрөшү боюнча 74кг чейин салмактагы Азия чемпиону Акжол Махмудов алтын медаль тагынса, балбан Куттубек Абдыкерим уулу менен Халмурат Ибрагимов финалда күмүш медалга ээ болушту. 

Ал эми эркин күрөш боюнча Таалай Орузбаев күмүш байге, Кунай Нурдавлетов коло байге тагынды.