Жаңылыктар
Сасык тумоо Бишкек жана Ош шаарларында көп катталууда
Ден соолук
Сасык тумоо Бишкек жана Ош шаарларында көп катталууда

Быйыл сасык тумоо илдети эрте башталды. Республика боюнча Бишкек  жана Ош шаарларында ооругандар  арбын. Алардын ичинен мектеп жана бала бакча жашындагы балдар да бар. Буга байланыштуу дарыгерлер жарандарга кулак кагыш ирээтинде  ден-соолукка кам көрүүгө чакырат. Анткени дал ушундай   ысык  сууктан пайда болгон сасык тумоо илдети инфекциялык ооруларды козгоп өпкө, кулак, мурун органдарынын сезгенишин алып келет.

 

Ошондой эле дарыгерлер  эмдөө эпидемиялык сезондун жүрүшүндө  вакцина алууну сунушташат. Сасык  тумоого кабылбаш учун  эмдөө жолу менен гана алдын алууга болот. Анткени сасык тумоого  каршы жасалган эмдөө адамдын организминин ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатуу менен дарттын оор формасынан жана күчөп кетишинен сактайт. 

Ал эми бир нече жыл катары менен эмдөөдөн өтүү  натыйжалуулугун жогорулатат. Сасык тумоо илдетине каршы вакциналар бейтапканаларда сатылууда. Ал эми балдар интернеты жана карылар үйүнө аскер кызматындагыларга бул вакциналар бекер таратылууда деп маалымдады   Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдына алуу жана мамлекеттик сан эпидемиалогиялык көзөмөлдөө департаментинин башчысы Абдыкадыр Жороев.


Бүгүнкү күндо сасык тумоо илдети боюнча өтө деле кооптуу абал жарала элек. Бирок буга жол бербеш үчүн сасык тумоо илдетин  жуктуруп албоо үчүн  бейтапканаларда  жарандарга түшүндүрүү  иштери жүрүүдө деп маалымдады.

Бегайым Абдыкадырова,  “Биринчи радио”