Жаңылыктар
Бишкек: жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы урап, бир нече адам жабыркады
Кырсык
Бишкек: жаңы курулуп жаткан имараттын каркасы урап, бир нече адам жабыркады

Борбор калаанын Аалы Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан үй кулады. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бишкектин түштүк районундагы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан үйдүн 3-кабатынын бетону 23-октябрда саат 14:00 чамасында кулады. Курулуш объектисиндеги камерага тартылып калган видео тасмада бетон толугу менен түшүп калган. Кырсык "Монблан" турак-жай комплексиндеги курулуштардын биринде болгон. Объект "Авангард стил" курулуш компаниясына тиешелүү Кырсык болгон жерден тез жардам унаасы келип, жабыркагандарды алып кетти. 

Дарыгерлердин айтуусунда, адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок денесинин ар кайсы жеринен жаракат алган 12 адам ооруканага жеткирилди. Анын бирөө Улуттук госпиталга, 11и шаардык 4-ооруканага кайрылган. Экөөсү жандандыруу бөлүмүндө жаткырылды. Экотехинспекциянын өкүлүнүн айтуусунда, бир караганда кырсык өндүрүш иштериндеги тартип бузулганынан улам болгондой. 

Эми бул жерде курулуш иштери токтоду. Экотехинспекциядан билдиришкендей, бир жума мурда эле техникалык коопсуздук боюнча рейд жүрүп, курулуш нормалары боюнча бардык эле курулуштарга эскертүү берилген. Ага ылайык, 30 күндөн кийин тиешелүү мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзүүсү керек болчу. 

Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан, быйылкы 9 айда эле, курулуш тармагында 5 кырсык катталган. Андан 2 адам каза тапса, бирөө денесинен оор жаракат алып, майып болуп калды. Андыктан экотехинспекция баардык курулушчулардан коопсуздук эрежелерин толук сактоону талап кылып келет.

Эми бул окуядан кийин объект толугу менен кайрадан текшерилет. Белгилеп коюучу жагдай объектти куруудагы бардык уруксат кагаздары бар дейт экотехинспекция. Окуя боюнча компания өкүлдөрү комментарий берген жок.