Жаңылыктар
Мырзалардын саламаттыгына кам көрүү жумалыгы
Ден соолук
Мырзалардын саламаттыгына кам көрүү жумалыгы

“Эркектердин ден соолук жумалыгы”. Мына ушундай аталыштагы акция өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө.

Акция бир жумага созулуп, анда эркектердин саламаттыгына байланыштуу кеп-кеңештер берилүүдө. Муну менен катар айрымдары медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Иш-чарага өлкөдөгү баардык урологдор тартылды.

Ашыкча тамактануу, дары дармектерди негизсиз колдонуу, майлуу эт, стресс жана тез даярдалуучу тамактар эркектердин жыныстык ооруларынын негизги өзөгүн түзөт. Көпчүлүк учурда эркектер бул тууралуу үн катпай уялып жүрө берет. Мунун кесепетинен оору уч алып кеткен учурлар толтура.


"Уктабай, заарасы начарлап жаткан эркектер бизде көп. Заарасы начарлаган сайын албетте жүрөк ооруйт, давлениеси көтөрүлөт. Анан инфаркка кабылат, инсульт. Ошондуктан алдын ала даарыланса тынч уктап, тынч эс алса жанагы оорулар азаят да." - деп билдирди медицина илимдеринин доктору Акылбек Усупбаев.


Негизинен мырзалар алгач оорунун белгилерине көп деле маани бербейт, качан гана ордунан тура албай же катуу кыйналганда гана дарыгерге кайрылат.