Жаңылыктар
Бишкек: “Асанбайдагы” күйүп кеткен кафелердеги чыккан өрттү комиссия иликтейт
Кырсык
 Бишкек: “Асанбайдагы”  күйүп кеткен кафелердеги чыккан өрттү комиссия иликтейт

“Асанбай” паркынын аймагындагы күйүп кеткен эс алуу жана тамактануу жайларында өрт эмнеден улам чыкты атайын комиссия иликтеп жатат. Тилсиз жоо жалмаган бул жайлар жакындан бери эле иштей баштаган. Ал тургай арасында эшигин ачууга даярдык көрүп жаткандары да болгон. Өрт тутанып, айлага түтүнгө чулганган учур. Фитнес клубда иштеген кыз биринчи болуп тилсиз жоо каптаганын тартууга үлгүргөн. 

Кырсык катуу болгону көрүнүп турат, жанаша тизилген имараттардын көбү гүлгө айланган. Ал эми куткаруучулар жалындаган отко 11 унаа менен суу ташып отуруп, араңдан зорго 8 саатка чукул убакытта өчүрүүгө жетишкен. 

Өрт алган кафе-ресторандардын баары жаңы, алар өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп береби белгисиз бойдон калды. Анткени коопсуздукту көзөмөлгө алган тармак, жаңы токулган мыйзамга ылайык ишкер ачкан имараттын босогосун 3 жыл аттай албайт. Кафе-ресторандар жайгашкан аянт жоопкерчилиги чектелген ишкана тарабынан ижарага берилген. Коммерциялык директоруна телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк болду.

Ал эми “Корчма” ресторанынын ээси айласын таппай, кыжалат болууда. Ал коңшулары сыяктуу пайда көрөм деп эс алуучу жайды ачууга көп каражат салган. Ишкерлердин мээнети текке кетип, чыгымга учурап отурат.

Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон жок. Азыр кырсык болгон жерде адистер иш алып барууда. Толук болбосо да кырсыктын келип чыгуусунун алдын ала божомолу бар.

Азыр ким канча чыгым тартканы аныктала элек. Бирок кандай болгон күндө дагы ишкерлер күйүп отурат. Кафе-ресторан ээлеринин айтымында, бирөөсү дагы мүлкүн камсыздандырган эмес, мындан улам, кенемте ала алышпайт. Эми ишкерлер камсыздандырууну эске албаганына өкүнүп жатышат.