Жаңылыктар
Өрт өчүрүү кызматына кандай шарттар түзүлгөн?
Кыргызстан жаңылыктары
Өрт өчүрүү кызматына кандай шарттар түзүлгөн?

«Өрт - бул тилсиз жоо» дегендей, айттырбай келип, кокусунан эле жалбырттап күйө баштайт. Мындай учурда эң алгач өрт өчүрүү кызматына кайрылабыз. Демейде бул кызматтын дарегине «Дайыма суусу жок келишет», «Кечигип өрт өчкөндө келет» деген дооматтар көп айтылат. 

Жолдогу тыгындан улам өрт кырсыгы болуп жаткан жерге кеч келүү бул- анда иштегендердин жалгыз көйгөйү эмес. Өрт өчүрүүчүлөрдө кийимдин жетишсиздигинен баштап, унаалардын эскилиги, жыртылып калган суу чачуучу түтүктөр жана башка керектүү шаймандар эбак эле өз мөөнөтүн өтөп бүтүп калган. Дал ошол кыйынчылыктарга карабай, өмүрлөрүн тобокелге салып иштеп жүргөн кызматкерлердин саны гана жетиштүү.

Республика боюнча 300гө жакын өрт өчүрүүчү автоунаа бар болсо, анын 30 пайызы гана мындан 10 жыл мурда жаңыртылган. Калгандары - союз учурунда алынган эски автоунаалар. 2 жылдан бери аларды алмаштыруу үчүн аракеттер жүрүүдө.

Жалындап күйгөн өрттү өчүрүүдө, автоунаадан сырткары автошатылар да керектелет. Отуз метрге жеткен автошатыдан ордо калаада болгону төртөө гана. Алар менен 9 кабаттуу үйлөрдүн чатырына чейин көтөрүлүүгө болот.

Өрт өчүрүүчү унаалардын жаңыларына төрт тонна, эскилерине эки тонна суу батат. Кырсык болгон жерге барган маалда, эң көпкө жетти дегенде да, он мүнөт убакытта суу түгөнүп калат. Андыктан талапты катуу алган бирок, абалы начар өрт өчүрүү кызматы учурда толугу менен жаңыланууга муктаж болуп турат.