Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда көмүрдүн баасы канча болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл Кыргызстанда көмүрдүн баасы канча болот?

Быйыл Кыргызстанда көмүрдүн баасы чөнтөккө ылайык келеби? Азырынча коңшу Казакстандан көмүр келе элек. Мындан улам, кардарлар жергиликтүү көмүр кенинен ташылган кара алтындын тоннасы 4 миң сомго чейин чыкканына нааразы болууда. Ал эми өкмөттүн тиешелүү мекемелери көмүрдүн баасы былтыркыдай сакталаарын, наркты жогорулаткандарга каршы аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт. 

Көмүр жүктөлгөн унааларды минтип көчөнүн четине коюп тоннасын 4 миң сомдон сатышууда. Кампанын ичинде болсо чоң унаага жүктөп келгендер көмүрүн дүңүнөн 3500 сомдон баалап сатууда. Быйыл кампага түшкөн көмүрдүн баары тең Кара-Кеченики, азырынча Казакстандыкы келе элек. Анын үстүнө азыр шаардыктарда көмүргө болгон таңсыктык деле байкалбайт. Кардарлар деле көп эмес. Ошентсе да аларда таш көмүрдүн баасына карата нааразычылыктар бар. Айтымдарында, абалдан пайдаланган ортодогу алып сатарлардын айынан баа жасалма көтөрүлүп кетти. 

“4-5 тонна жагабыз. Жылда 3200дөн алып жүргөнбүз кыйынчылык эле болуп атат орто жолдо эле “перекупщиктер” го Казакстандан көмүр келбей калып кымбаттатып жатышат ошол. Жакшы эле аларман деле жок. Бош эле турушат. Баасы кымбатыраак болуп жатат”. 

Ал эми аймактарда да ушундай эле кырдаал. Айрым облустарда бир тонна көмүр 5 миң сомго чейин чыккан. Алыскы Баткен облусунда да көмүр жылдагыдан кымбат сатылууда. Азыр кампаларда көмүр дүңүнөн 3500 сомдон сатылууда. Кара-Кечеден чыккан баасы 1200-1300 сом экен. 

Ал эми энергетиктер көмүрдүн наркын жогорулатууга негиз жок экенин билдирет. Тиешелүү мекемелердин кызматкерлеринен турган топ кампаларды кыдырып таш көмүргө болгон баага көзөмөл жүргүзүлүүдө. Баалары болсо былтыркыдай эле сакталат, - дейт Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары. 

Ал эми Казакстандан көмүр азырынча жылуулук борборлоруна гана ташылууда. Жарандардын керектөөсүнө ылайык көлөмдү ташып келүү боюнча коңшу мамлекет менен Астанада сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстан тарап темир жол вагондору азырынча бош болбогондуктан көмүр жөнөтүү убактылуу токтоп турганын айткан, - дейт энергетиктер. Жыл сайын Кыргызстан Казакстандан жылуулук берүү борборуна 450 миң тонна көмүр импорттойт. Энергетиктер эгер Казакстандан келбей калган күндө да жергиликтүү көмүрчүлөр толук керектөөнү камсыздайт алат-дейт. Өлкөгө кыштан чыгууга 2 млн. 315 миң тонна көмүр керектелет.