Жаңылыктар
ЖК: Казакстандын 100 миллион доллар грантынан баш тартуу колдоого алынды
Саясат
ЖК: Казакстандын 100 миллион доллар грантынан баш тартуу колдоого алынды

Жогорку Кеңештин тармактык кыргыз өкмөтүнө Казакстан убада кылган 100 миллион доллар грантты алуудан баш тартуу маселесин карап, аны колдоду. Эскерте кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Астана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш өткөн аптада парламентке жөнөтүлгөн. Өкмөт мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүргөн.

Маселени депутаттардын кароосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев алып чыкты. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирген соң, бул каражатка өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртууга, ветеринардык лабораторияларды курууга жана башка маанилүү чоң көлөмдөгү иштерди аткаруу каралаган. 

Бирок, макулдашууда жок нерселерди себеп кылып, казак тараптан бул макулдашуу создугуп келген. Өкмөт өкүлүнүн ырастоосунда, казак тараптын каражатын күтпөстөн, кыргыз тарап 4 лаборатория куруп алган жана ага бюджеттен 172 млн сом бөлүүгө аргасыз болгон. 

"Мындан ары да айтылган иш-чараларды өз күчүбүз менен эле чечебиз. Бюджеттен каражат таап, 19 лаборатория бүткөнү калды. Бул маселе чек арага байланыштуу акыркы күндөрү күчөп кетти. Алар ушул кезге чейин бербеген жардамын док кылууда. Башка булактардан каражаттарды табууга аракет кылабыз", - деди Д.Зилалиев.