Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү кыйын бойдон калууда
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү кыйын бойдон калууда

Бүгүнкү күндө Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" көзөмөл-өткөрмө бекетинде 300дөн ашуун жүк ташуучу автоунаа турат. Буга чейин казак тарап бир саат аралыгында алты унаадан өткөрүп аткан. Оор жүк ташыган айдоочулар бирикмесинин билдиришинче жөө жүргүнчүлөр жана жеңил машинелердин чек арадан өтүүсү жеңилдегенин, бирок оор жүк ташуучу автоунааларга дале кыйын болуп жатканын маалымдады.

Чек ара кызматы болсо "Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде казак тарап 10-15 мүнөттө 20-25 кишини, 10дой машинени өткөрүп жатканын кабарлады. Айрым убактарда бекетте 100гө жакын адам жана 40тай автоунаа топтолуп калууда. 

Чек ара кризисин чечүү боюнча вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов баштаган өкмөт өкүлдөрү Астанада кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.

Кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Биринчи радиого”  кабарлашкандай, “Ак-Жол” жана “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттеринде тыгын уланууда, ал эми “Чалдыбар” жана “Чоң-Капкада” кезек күткөндөр жок. 

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Салкын Абдыкариеванын айтымында, “Ак-Тилекте” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны дагы эле бар. Учурда 300дөн ашуун машина турат. Казак тарап саатына 10дой фура киргизүүдө.

Биринчи радио, Илгиз Жамалбеков