Жаңылыктар
Казакстан Кыргызстанга көмүр экспорттун токтотсо жергиликтүү көмүр элди камсыздоого жетеби?
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстан Кыргызстанга көмүр экспорттун токтотсо жергиликтүү көмүр элди камсыздоого жетеби?

Казакстан Кыргызстанга көмүр экспорттун токтотсо жергиликтүү көмүр элди камсыздоого жетет. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзакановдун билдирүүсү боюнча көмүр маселеси боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр  жүрүп жатат. Коңшу өлкөдөн көмүр экспортун токтотуу боюнча рамий кагаз келген эмес. Азыркы күндө Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздоо иши болсо, планга ылайык жүрүп жатат.

 

Энергетиктердин ырасташынча быйыл кышка камылга дурус. Электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Бүгүнкү күнгө карата көмөк чордондор менен аба чубалгыларынын бардыгы даярдыктан өткөндүгүн Улуттук энергохолдингдин башчысынын орун басары Нурлан Садыков маалымат жыйынында билдирди.

Ал эми азыркы күндө Бишкек жылуулук борбору дагы кышка  жүз пайыз даяр экенин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын колдонуу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзаканов кошумчалады. Айтымында көмүр маселеси боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Казакстан Кыргызстанга көмүр экспорттун токтотсо жергиликтүү көмүр элди камсыздоого жетет-дейт ал.

Мээрим Абдраманова, Биринчи радио