Жаңылыктар
Ош облусунда пахтанын үчүнчү терими башталды
Айыл чарба
Ош облусунда пахтанын үчүнчү терими башталды

Ош облусунда пахтанын үчүнчү терими башталды. Буга дейре ак була терүү кол менен терилгендиктен  өнөктүк ноябрь айынын акыры күндөрүнө  чейин уланчу. Быйыл пахта тере турган техникалар Өзбекстандан алынып келингендиктен терим эрте аяктоо алдында турат. 

Ош облусунун дыйкандары быйыл пахта аянтын 2 миң  гектарга көбөйткөн. Алар жыйнап алган түшүмүн  Орусия, Нидерланд жана Бангладешке экспорттоп  келсе, эми Өзбекстанга да өткөрүү келишимине кол коюлган. Коңшу мамлекет менен  түзүлгөн келишим боюнча пахтадан өндүрүлгөн жип пайдалуу баага  экспорттолот.  

Ошондуктан пахтанын баасы  жогору болуп, дыйкандардын мээнетиин акыбети кайтып жатканын Кара-Суу райондук  агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Мамедов билдирди.                                                                                                                                    

Пахта  эмгекти көп талап кылган талаа өсүмдүгү. Себеби чигит жер бетине өнүп чыккан  күндөн тартып, терим аяктаганча дыйканда тыным болбойт.   Учурдагы жеңил өнөр жай тармагы өнүгүп  жаткан кезде пахтага болгон суроо-талап өсо турганын серепчи Сейтек Кулубаев  белгиледи.

 Синх: Кулубаев С:   Кабарчы: Юлдаш Чодуев пахтаны кабыл алуучу пункттун жетекчиси.  Азыр бул жерде дыйкандардын к абыл алынган пахтаны кайра иштетүу жумуштары  кызуу жүрүп жатканын кабарлады: Сингх: Чодуев Ю:                                                Кабарчы: 

Ош  облусу кайра иштетилген ак буланы Орусия, Иран, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрго  экспорттойт. Натыйжада экспорттун көлөмү жыл сайын өсүүдө. Былтыр 2 миң  тоннадан ашык пахта буласы сыртка жиберилсе, быйыл 300 тоннага пахта көп  экспорттолот. Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуусу менен пахтачылык кайрадан  кирешелүү тармакка айланууда. 

Кадыр Калилов, Биринчи радио