Жаңылыктар
Кыргызстан расмий түрдө Казакстандын 100 миллион долларынан баш тартканы турат
Саясат
Кыргызстан расмий түрдө Казакстандын 100 миллион долларынан баш тартканы турат

Кыргызстан расмий түрдө Казакстандын 100 млн. доллардык жардамынан баш тартканы турат. Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы боюнча комитети Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу тууралуу демилгени карап, колдоого алды. Маселени депутаттардын кароосуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев алып чыгып, өкмөттүн мындай кадамдын аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүрдү.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Астана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча сунуш өткөн аптада парламентке жөнөтүлгөн болчу. Президент Алмазбек Атамбаевдин да бул каражат тууралуу шайлоо алдында кеп кылып, убакында берилбеген жардамдын кереги жок экендигин белгилегени бар. Талдоочулар бул жардамдан баш тартууну эки коңшу элдин мамлекет башчыларынын чек арага байланыштуу таарынчы катары карап, “бербестин ашы бышбас” болгонун айтууда. 


Бул 100 млн долларлык жардамдын тарыхы 2007-жылдардан башталат. Казак-Кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү ошол жылдары башталып, белгисиз себептерден улам, аны түзүү кийинкиге жылдырылып олтурган. Кийин 2014-жылы ноябрьда ЕАЭБдин алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан Кыргызстанга 100 млн доллар өлчөмүндө  каражат бөлүү боюнча президенттердин ортосунда макулдашуулар болгон. 


С. Идирисов,  Биринчи Радио