Жаңылыктар
Кыш жакындаган сайын өз алдынча көмүр казгандардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыш жакындаган сайын өз алдынча көмүр казгандардын саны көбөйүүдө

Кыш жакындаган сайын көмүргө болгон суроо талап көбөйгөнү менен, бирок өз алдынча мыйзамсыз, эч бир эрежени сактабай көмүр казгандардын саны да көбөйүүдө. 

Ал эми адистер - мындай башаламан мыйзамсыз көмүр казган жерлер көбөйүп, анда эрежелер так сакталбагандыктан шахталар урап, адам өмүрү кыйылган учурлар катталууда, - дешет.

Иш ыргагы шыдыр кеткен күнү 50-60 кап көмүр казып, ар бири миң сомго чейин иштеп алышат. Анткени менен,шахтадан көмүрдү алып чыгуу да оңой эмес. Адам баткыс, аба жетпеген караңгы жерден бир кап көмүрдү азап менен алып чыгышат. Мындай учурда коопсуздукту да эске алынбайт. Устундарды коюп коюшканы менен, ал деле оюлган жердин таш-топурагын тозуп бербейт.