Жаңылыктар
Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленүүдө

Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун күнү белгиленүүдө. 1948-жылдан бери 24-октябрда 200дөн ашуун өлкөдө бул күн белгиленип келет. Быйыл Кыргызстандын БУУга киргенине 25 жыл болду.

1945-жылы бул күнү БУУнун уставы күчүнө кирген. Бул күнгө карата Ош шаарындагы №113 кесиптик лицейде түшүм майрамы уюштурулат. 

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев ашкана сырлары боюнча мастер-класс өткөрүп, БУУнун тиешелүү башкармалыктарынын өкүлдөрү менен бирге туура тамактануу боюнча кеп-кеңештерди берет. 

БУУнун күнү Бишкекте 21-октябрда белгиленген. Анда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү туруктуу өнүгүү боюнча өз ишмердиги менен тааныштырып, жарандарга ВИЧ боюнча акысыз тесттен өтүү, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча адистердин кеңештерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.