Жаңылыктар
“Кошой” кант заводу 12 жылдык тыныгуудан кийин экинчи жашоосун баштады
Айыл чарба
“Кошой” кант заводу 12 жылдык тыныгуудан кийин экинчи жашоосун баштады

“Кошой” кант заводу бир аптанын ичинде 1200 тонна кумшекер өндүрдү. Азыр завод толук кубаттуулукта иштеп, суткасына 2 миң тоннага чейин кант кызылчасын майдалап, 250 тонна кумшекер чыгарууда.


 Завод кумшекер өндүрүп баштаганына бир эле апта болду. Бул аралыкта 1200 тонна шекер чыгарганга жетишти. Кызылча кампага түшкөндөн тарта, кумшекерге айланып, сатыкка чыгып кеткенче лаборанттардын көзөмөлүндө болот.

“Завод күнү-түнү иштеп жатат. Жабдыктар эми гана толук ишке кирди. Эми өндүрүштүн көлөмү да жогорулайт. Завод ишке кириши менен 450 жумушчу орундар түзүлдү”,-деп билдирди “Кошой” кант заводунун башкы директору Александр Барбалат

“Кошой” кант заводун модернизациялап, ишке киргизүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 10 миллион доллар берген. Бул каражат жаңы жабдыктарды сатып алууга жана курулуш иштерине жумшалган.

Эми кызылча өстүргөндөрдүн күнү тууду. Мурдагыдай өтпөй калсачы, чирип калсачы деп кабатыр болбойт. “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” заводдору өндүрүлгөн кызылчанын барын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.