Жаңылыктар
“Авангард стиль” компаниясынын урап түшкөн турак-жай комплексин улантууга уруксат берилбейт
Кырсык
“Авангард стиль” компаниясынын урап түшкөн турак-жай комплексин улантууга уруксат берилбейт

Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө бетону кулап түшкөн үйдүн курулушун улантууга уруксат берилбейт. Экотехинспекциядан билдиргендей, курулушту толугу менен сүрүп, кайра башынан баштоо керек. 

Кечээ, 23-октябрда “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан турак-жай комплексинин конструкциясы кулап түшкөн. Кырсыктан 12 киши жабыркап, экөө ооруканага жаткан. Сапаты боюнча алдыңкы делген курулуш компаниясынын ишинде кокустукка кандайча жол берилди?

23-октябрда жаңы курулуп жаткан турак-жайдын жанындагы бассейндин чатырына монолит коюлганда тирөөчтөр аны көтөрө албай урап түшкөн.


Экотехинспекция окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүп, текшерүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кырсыктын себеби аныкталат.


Экотехинспекциядан билдиришкендей, эми бул объект текшерүүлөр бүткөндөн кийин толугу менен сүрдүрүлүп, долбоордун негизинде кайрадан курулушу башталат. Ошондой эле "Авангард стиль" компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн айып пулга жыгылышы мүмкүн.


 
"Авангард стиль" курулуш базарында 2006-жылы кирген. Анын салган имараттары Бишкектин элиталык райондорунда, сапаты боюнча мыкты деп бааланып, баасы да арзан эмес.


Курулуп жаткан объектинин шыбы кулаган аймак же тагыраагы борбор калаанын түштүк дарбаза жагы сейсмикалык жактан кооптуу аймак деп советтер союзу маалында курулушка уруксат берилген эмес. Бирок кийинчерээк бул аймакта курулуш иштери кызыды. Себеби, Бишкектин түштүк тарабынын деталдуу планынын долбоорун 2009-жылы Бишкек шаардык кеңеши бекиткен. Белгилүү болгондой, азыр мында 13 кабаттан турган үйдү салууга уруксат бар.


Курулуштун сапатына 3 мамлекеттик орган жооптуу. Алар башкы архитектура, техникалык көзөмөл органы жана экотехинспекция.