Жаңылыктар
Кырсык айтып келбейт, мүлктү камсыздыруу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кырсык айтып келбейт, мүлктү камсыздыруу зарыл

Быйыл өлкөнүн түштүгүндө катталган жаратылыш кырсыктары, кечээ жакында Бишкектегин кафе-ресторандардын өрттөнүшү. Бул кырсыктар мүлктү камсыздандыруу канчалык зарыл экенин көрсөттү. 

Эгер турак-жай ээлери же бизнес менен алектенген ишкерлер камсыздандыруу аркылуу мүлкүн коргосо утушка ээ болот. Кокус үй жайын сел, өрт алып же башка кырсык тооруса, анда камсыздандыруу компаниясы бүлүнгөн нерсени калыбына келтирүүгө каражат бөлөт. 



“Камсыздандыруу туура деп ойлойм, өтө көп эмес акча төгүп турасын, бирок жүрөгүн тынч болот. Кокус тилсиз жоо баарын талкаласа, бир күндө чыгым тартып сызга отуруп каласын да. Бул өтө маанилүү, көбүнчө кафе ээлери эмнеге камсыздандыргысы келбейт мен түшүнө албайм.” -деп жергиликтүү ресторандын башкаруучусу Ускен өз оюн билдирди.


Кыргызстанда мамлекеттик уюмду кошо эсепке алганда 19 камсыздандыруу компания ачылган. Менчик тарап көбүнесе завод, ишкана, ресторан жана башка ири имараттар менен иш алып барат. Бул компаниялар мүлктүн жалпы наркын бычып, жылына 0,2 пайыз төлөм алат. Бирок учурда көпчүлүктүн камсыздандырууга кызыгуусу төмөн.



Мамлекет түзгөн камсыздандыруу уюму иштей баштаганына 2 жыл болду. Бул компания жеке менчиктен айырмаланып, турак жайлар менен гана иштешет. Шаардыктар ар бир үйгө 1200 сомдон, элет эли 600 сомдон жылына төлөөгө милдеттендирилген. Камсыздандыруу зарыл болгон учурда шаардыктар бир миллион сомго чейин алат, ал эми айыл жериндегилерге 500 миң сомго чейин берилет.