Жаңылыктар
Аравандагы өзгөчө мектеп
Билим
Аравандагы өзгөчө мектеп

Өзгөчө мектеп. Аравандын Кара-Булак айылында 8 гана бала билим алган мектеп бар. Бул билим уясында башталгыч класстардын окуучулары гана окуйт. Эми мындагы балдар үчүн заманбап жаңы мектеп курулмай болууда.


Төртүнчү класстын окуучусу- Асема Айбашева, бирге окуп жаткан классташтарынын арасынан эң улуусу. Бул - Асема өзү теңдүүлөрдөн калып калды дегендикке жатпайт. Бул мектепте болгону 8 окуучу гана билим алат. Мугалим бир эле учурда, Асемага төртүнчү класстын программасын, ал эми мектепти жаңыдан аттаган жеткинчектерге алфавитти окутат. Окуучулардын сабаттуулугун жоюуда 2 агартуучу эмгектенет.

Жаш өзгөчөлүгүнө карабай, бир класста билим берүү ыкмасы, 60- жылдары түптөлгөн. Буга аймактагы жашоочулардын аз сандуулугу негиз, учурда айылда 80 тургун гана жашайт.

5-11 классттын окуучулары коңшу Ноокат районундагы Абдижалил Чыңгараев атындагы орто мектептен билим алат. 7 чакырым жолду жөө басып өтүү бул айылдын балдарына көнүмүш адатка айланган.

Эки аймактын жашоочулары үчүн эки заманбап типтеги жаңы мектеп салынат. Ал үчүн республикалык бюджеттен жалпы 52,5 миллион сом бөлүнгөн. Мунун 51 миллину Ноокаттагы 225 орундуу мектепке сарпталат.