Жаңылыктар
Азиздер үчүн кыргыз тили окутуучу китептин бет ачары болуп өттү
Билим
Азиздер үчүн кыргыз тили окутуучу китептин бет ачары болуп өттү

 Көрүүсү начар же, көзү таптакыр көрбөгөн адамдарга кыргыз тилин үйрөтүүгө шарт түзүлүүдө.

 Өлкөдө биринчи жолу Брайл тамгасы менен кыргыз тилин үйрөтүүчү окуу куралдары чыгарылды. Анда кыргызча-орусча сөздүк, орусча-кыргызча сөздүк жана орусча-кыргызча сүйлөшмө болуп, бардыгы 44 эмгек чыкты. 

Китептер “Феномен” коомдук фонду тарабынан чыгарылып, бет ачаар аземи бүгүн Бишкекте өттү. Фонддун жетекчиси Искендер Султаналиев ырастагандай, бул окуу куралдары жетишсиз. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 160 миңден ашуун адам жашайт. 5700 адам көз жагынан биринчи жана экинчи топтогу майыптар.