Жаңылыктар
Премьер-министр ЕАЭБ жыйына катышуу үчүн Ереванга сапар алды
Экономика
Премьер-министр ЕАЭБ жыйына катышуу үчүн Ереванга сапар алды

25-октябрда Ереванда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Бул отурумга катышуу үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков Арменияга барды. 

Премьер-министр Армения жана Казакстандык кесиптештери менен жолугушуу өткөрөт. Мындан сырткары жалпы жыйынга катышат. 

Анда негизги маселе катары Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы чек ара маселеси каралат. Маалыматка ылайык, Казакстан менен Кыргызстан ортосунда жол картасын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Документ Арменияда эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынаары күтүлүүдө. 

Эске сала кетсек, 10-октябрда казак тарап чек арадагы текшерүүнү катаалдаткан. Мындай иш аракеттин жыйынтыгында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралган.