Жаңылыктар
Кийинки жаңы окуу жылынан тартып мектептердеги китептер ижарага берилет
Билим
Кийинки жаңы окуу жылынан тартып мектептердеги китептер ижарага берилет

2018-жылдын жаны окуу жылынан тарта мектептердеги китептер ижарага бериле баштайт. Өкмөт бул боюнча жаңы токтомго кол коюуп билим берүү жана илим министрлигине бир катар тапшырмаларды берилди. Эми ар бир китептин ижара акысы 25 сомдон болот деп болжолдонууда. Учурда Билим берүү жана илим министрлиги  окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүүнү баштады. Маалыматка ылайык, ижара акысынан чогулган каражаттар жаңы китептерди чыгарууга жана сатып алууга жумшалат.

Мектеп жашындагы балдар сапатуу билим алышы үчүн   ата-энелер жаңы китептин кымбатына карабай сатып берүүгө аргасыз. Алардын катарында  Нарын шаарынын тургуну  Мээрим Келдикеева төрт баланын энеси, бүгүнкү күндө анын эки кызы башталгыч класста билим алышат. 

Мектепке барган кызынын бири  толук китеп менен камсыз болсо,башталгыч класста окуган  экинчисине китеп жетпей сатып берүүгө туура келүүдө. Бирок билим берүү мекемелери берип жаткан китептердин  эскилиги жетип  айрым беттери айырлган. Ошондуктан китептердин  200дөн сомдон ашканына карабай сатып беребиз. Эми ижара акы төлөө системасы киргизилет экен. Эң негизгиси ижарга алынган жаңы китептер болсо экен деп кабатырланууда эне.

Учурда  өлкө  мектептери 80 пайызга жакын китеп менен камсыз болду.  Мектептер 100 пайыз  китеп менен камсыз болуш үчүн  бюджеттен жок  дегенде 600млн сом бөлүүнүгө тийиш.Бирок  мамлекеттик казынадан бул акчанын төрттөн бир бөлгүгү гана бөлүнөт. 

Бегайым  Абдыкадырова,  Биринчи радио