Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгон, анын 29у — баалуу металл экени, ошондой эле Фрунзе мемориалдык үй музейинде да 100гө чукул буюмдары табылбай калгандыгы туурасында Эсеп палатасынын маалыматынаа таянуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди. Анда министрлик жакшы көзөмөлгө албагандыктан жана тийиштүү укуктук-нормативдик актылардын жоктугунан, так жазылбаган эрежелер коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүүдө", — деп белгиленет.
Ошондой эле музейдеги жоголгон буюмдар боюнча министрлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эместиги, ал тургай тартип коргоо органдарына кайрылуу болбогону айтылат.
Ал эми Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматчысы Марлен Соляной ким жоопкерчилик тарта турганы боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатканын белгилөө менен Мамлекеттик тарых музейинин жетекчилиги тийиштүү кызматкерлерди жумуштан кетирген деп коршумчалады.
Марлен Соляной, Маданият жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматчысы:
Мамлекеттик тарых музейи маданият министрлигинин имаратында турган кезде, фонддогу бардык экспонанттар жер төлөдө сакталчу. Директордун айтуусунда, ошол кезде экспонттардын мыкты шартта сакталышына шарт жок болгон. Тактап айтканда, видео камера, сигнал берүүчү аппараттар 2007-2008-жылдары коюлган эмес. Музейдеги буюмдардын жоголо башташы дал ушул жылдарга туш келет. Кийинчерек ал имарат маданият министрлигине берилип, мамлекеттик тарых музейи экспонанттарды алып кетип жатканда аларды тактоо иштеринде бир катар экспонанттардын жок экендиги боюнча акт түзүлгөн. Мындан улам 2008-жылы инвентаризация иштерин жүргүзүү демилгеленип, ал 2012-жылга чейин созулду.
Дагы бир археолог Кубат Таабалдиев өзү тапкан экспонаттардын бары Мамлекеттик тарых музейинде тийиштүү денгээлде сакталып, көргөзмөлөргө коюлуп келе жатканын белгилейт. Ал эми экспонаттардын жоголуусу, көчүү иштерин байланыштуу болушу да ыктымал деген ал, андан да маанилүүсү өлкө аймагындагы архиологиялык эстеликтердин талкаланып жатышы деди.
Назира Молдокулова, Биринчи радио