Жаңылыктар
Сапар Исаков Армениядагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешине катышууда
Саясат
Сапар Исаков Армениядагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешине катышууда

Премьер-министр Сапар Исаков жумуш сапары менен Арменияда. Ереванда Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөттөр аралык кеңеши өтүп жатат. Ага чейин кечээ күнү өкмөт башчы Сапар Исаков Казакстан жана Армениянын премьер-министрлери менен жолугушту. 

Премьер-министр Сапар Исаков Арменияга Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга келди. Ереван шаарындагы “Звартноц” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын өкмөт башчысын Армениянын саламаттык сактоо министри Левон Алтунян тосуп алды.

Ереванга барган күнү эле Сапар Исаков дароо эки жолугушуу өткөрдү. Армениянын премьер-министри Карен Карепетян менен жолугушуу малында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү жагдайларын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы байланышты мындан да тереңдетүүнүн жол-жоболорун талкуулады. 


Карепетян менен Исаков экономикалык кызматташтыктын жанданганын белгилешти. Сапар Исаков Кыргызстан Армения менен соода-экономикалык байланыш тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин билдирди. Мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу көбөйгөн. Мындан улам бул кызматташтыкты арттырууга болгон аракет жумшалат-деди өкмөт башчы.

Ереванга болгон жумуш сапарынын маалында премьер-министр Сапар Исаков казак кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуу алышты.