Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан эже-сиңдилер жана 2 жашар наристе каза болушту
Кырсык
Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан  эже-сиңдилер жана 2 жашар наристе каза болушту

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында дароо үч жөө жүргүнчү жол кырсыгына кабылган: эки аял жана 2 жашар бала. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-октябрда кечинде болжол менен саат 20:30 чамасында катталган. Анда “Toyota Land Cruiser” үлгүсүндөгү жеңил унаа батыш тарапты көздөй бара жатып Балыкчы-Каракол унаа жолунун 50-чакырымында 3 адамды сүзүп, кырсыктан 3 адам мерт кеткен. 

1980-1981-жылкы бир тууган аял кишилер жана 2015-жылы туулган кичинекей бала. Унааны 32 жаштагы аял Бишкек шаарынын тургуну башкарып бара жаткан. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө амалдары уланууда.