Жаңылыктар
Чек арада оор жүк ташыгандарга мобилдүү ашкана уюштурулду
Чек ара
Чек арада оор жүк ташыгандарга мобилдүү ашкана уюштурулду

Кыргыз-казак чек ара демекчи, чек арада абал өзгөрүүсүз калууда. Оор жүк ташыгандар бир канча чакырымда кезек күтүүгө аргасыз.



Айдоочудардын чек арадан өтүү үчүн кезекте дагы канча тураары белгисиз. Бирок бийлик алардын көйгөйүн жеңилдетүүгө аракет көрүүдө. Бир канча чакырымдап кезекте турган айдоочуларга Президенттин демилгеси менен ысык тамак уюштурулууда.


Жүк ташуучу унаада уюштурулган мобилдүү ашкана болушунча бат иштегенге аракет кылышты. Анткени баарына өз убагында тамакты жеткирүү зарыл.

 

Чек арадагы абал жакшы жагына батыраак чечилет деп ишенишет айдоочулар. Ошол эле маалда аларды суукта көңүл сыртында калтырбай ысык тамак менен камсыздаган бийликке ыраазычылыктарын айтышууда.