Жаңылыктар
Чек аранын ачылуусу экспортко чоң таасир этти
Айыл чарба
Чек аранын ачылуусу экспортко чоң таасир этти

Бишкектин базарларында картошка, пияз жана капуста сыяктуу жашылчалардын баасы кымбаттап, ал эми мөмө-жемиштердин баасы арзандады.  Мунун себебин серепчилер кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштырууда. 



Октябрь айында базарларда мөмө жемиштердин баалары кыйла арзандап кетти. Мындай абал ишкерлерге зыян болуп жатканы менен, карапайым калкка жакшы болду.


Ага карабай, Айыл чарба министрлиги жашылчаны коңшу өлкөлөргө экспорттоону күчөттү. Буга байланыштуу айрым жашылча-жемиштердин баалары кымбаттады. Ушул күндөрү Бишкекте картошканын бир килограммы 20-25 сомдун, пияз 20 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Сабиздин баасы 25-30 сом.

“Булар Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга кетип жатат. Билесиздер буга чейин картошка Өзбекстанга аз гана көлөмдө кетчү. Азыр Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле жакшыргандыгына байланыштуу бул коңшу өлкөгө да картошка көп көлөмдө кетет деген ойдобуз”,-деп билдирди Айыл жана суу чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева.


Министрликтен кабарлагандай, жашылча-жемиштердин ичинен картошка жана пияз экспортко көп кетип жаткандыгына байланыштуу баа дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Баанын кескин жогорулашынын дагы бир себеби, дыйкандардын көбү жашылча-жемиштин баалары көтөрүлөт деген максатта алган түшүмдөрүн атайын сактоочу жайларына киргизип жатышат.