Жаңылыктар
"Ала-Арча" көрүстөнүндө Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Арча" көрүстөнүндө Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн мамлекеттик, саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү. Өмүрү өрнөк инсан "Ала-Арча" көрүстөнүндө эскерилип, иш-чарага бийлик өкүлдөрү катышты. 


“Ала-Арча” көрүстөнүнө Раззаковдун сөөгү Москвадан мындан 17 жыл мурда алып келинип, кайра өзгөчө жөрөлгөлөр менен ызаат көрсөтүлүп жерге берилген. Андан бери атактуу инсан ар жыл сайын үч ирет эскерилет. 19-мартта өлгөн күнүндө куран окулса, 2-июнь кайра жерге берилген күнү да элдин эсинде. Туулган күнүндө мамлекеттик ишмердин жаркын элеси эскерүү да салтка айланып калган.


Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарынан кийин эл чарбасын калыбына келтирүү эң негизги милдет эле. Исхак Раззаков Кыргыз ССРин дал ошол оор мезгилде башкарып, үлгүлүү жетекчи экенин көрсөтө алган. Курулуштар токтобой тынымсыз жүрүп, маанилүү обьектилер салынган. Өнөр жайы жанданып, маданиятта да маанилүү окуялар болгон. Айтматовдун ааламга таанылышы да Раззаковдун учуруна дал келет. Өмүрү өрнөк инсанды залкарлар да жогору баалап эскеришчү.


Бир кезде Исхак Раззаков жашаган үй анын музейине айланган. Даңазалуу инсандын сүрөттөрүн, ал тууралуу жазылган эмгектерди көрүүгө болот. Раззаковдун өмүр таржымалын үстүртөн эмес, жакындан билүүнү каалап кайрылгандар көбөйө баштады.


Раззаковдун ысымы жогорку окуу жайына, көчөгө ыйгарылды. Көркөм фильм тартылып, айтор атын түбөлүккө калтыруу үчүн бир топ иштер жасалууда. Бирок, мамлекеттик кызматтагы адамдар анын опол-тоодой эмгектерин билип гана тим болбостон, анын баскан жолунан үлгү алышса деген көпчүлүктүн тилеги.