Жаңылыктар
Кыргызстандарттын ишмердүүлүгүнө 90 жыл толду
Экономика
Кыргызстандарттын ишмердүүлүгүнө 90 жыл толду

Кыргызстандарттын түзүлгөндүгүнө 90 жыл толду. Бул убакыт аралыгында кызмат жигердүү иштеди. 

3 жылдан бери Нарындагы ооруканалардын жабдыктарын бир стандартка келтирүүдө Асанбек Алдашовдун эмгеги зор.


Алдашов баш болгон адистер Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын бардык түрүн стандартка тууралап, сертификатташтырат. Тактап айтканда, өндүрүлгөн товарлардын сыртынан баштап, зыяндуулугуна чейин текшерет. 

Мисалга мындай май куючу жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Алардын кардарларга майды ченелген өлчөмдө беришин жана көрсөтүлгөн эрежелерди сактоосу текшерүүдөн өтөт.


Мына ошентип Кыргызстандарттын ишмердүүлүгүнө 90 жыл толду. Кылымга чукул тарыхы бар кызматтын тарыхына көз чаптырсак 1927- жылы атайын палата ачылып ишин баштаган. Ал эми Нарындагы иши 1964- жылы башталган.


Жумуштун майын чырага аткарган кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.