Жаңылыктар
Сугат суу өксүгүн чечүүгө көрүлгөн чаралар
Айыл чарба
Сугат суу өксүгүн чечүүгө көрүлгөн чаралар

 

Быйыл өкмөттүн токтому менен ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Бул документке ылайык ирригациялык каналдарды, суу сактагыч, бассейндер, суу топтоочу жайларды куруу боюнча 46 долбоор каржыланды. Каражаттар республикалык бюджеттен, кытай гранты жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүндү. 


Быйыл республика боюнча 18 суу чарба объектисин куруу жумуштарына бюджеттен 750 миллион сом каралган. Алмазбек Сокеевдин айтуусунда Суу чарба объектилерин куруу боюнча дирекция мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын баарын өздөштүрүү ниетинде.

Бул кыска аралыкта аткарылган жумуштар. Анын натыйжасында беш миң гектардан ашык жаңы сугат жери өздөштүрүлдү, 10 миң гектар жер сугат суусу менен камсыз болду. Баскыч-баскыч менен ишке аша турган мамлекеттик программа толук жүзөгө ашырылса 65 миң гектардан ашык жаңы сугат жери өздөштүрүлөт.