Жаңылыктар
"Кагазды долларга айлантабыз" деген африкалыктар кармалды
Кылмыш
"Кагазды долларга айлантабыз" деген африкалыктар кармалды

Бишкекте "кагазды долларга айлантабыз" деп алдамчылыкка шектелген Гвинея жана Камерун өлкөсүнүн жарандары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалган жарандар башкаларга жөнөкөй кагаздарды долларга айландырып жиберүү кызматын сунушташкан. 

Африкалыктар шаардагы батирлердин биринде кезектеги алданган адамды чакырып, кагаз кантип акчага айланганын көрсөтүшкөндүгү тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөн. "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектин Калык Акиев көчөсүнөн Камерундун 1964-жылы туулган жараны жана Гвинеянын 1967-жылы туулган жараны кармалды. Алардын убактылуу жашап жаткан жеринен медициналык беткаптар, кара түстөгү порошок, түссүз суюктук табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери улантылууда.