Жаңылыктар
Бишкекте милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти
Кылмыш
Бишкекте милиция кызматкерин өлтүрүп кетишти

Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милиция кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков Биринчи Май райондук милициясынын криминалдык кызматында иштечү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди. 26-октябрга караган түнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен анын сөөгү табылган.

"Окуя болордун мурунку күнү Уларбек өзүнүн өндүрүшүндөгү иштерди жана табелдик куралын тапшырып, эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн рапорт жазган. Иштен чыгып кесиптештерин Бишкектин ичиндеги бир жерге алып барууну суранып, ал жакта калган. Бир нече убакыттан кийин ал бычакталып каза болгону белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Маркум милиционер Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында 1992-жылы төрөлгөн. 2014-жылы Россияны ИИМ академиясын аяктаган. Ушул эле жылдан тарта КР ички иштер органдарында аймактык тестөөчү милиционер катары иштеп баштаган. Ал Милициянын ага лейтенанты болчу.

Майрамбековдун сөөгү 27-октябрда кичи мекенинде жерге берилет.