Жаңылыктар
Нарында кокустуктан ок атылып милиция кызматкери каза болду
Кылмыш
Нарында кокустуктан ок атылып милиция кызматкери каза болду

ИИМинин Нарындагы адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкери капысынан өз кесиптешин атып алгандыгын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Окуя 25-октябрь күнү саат 18.15те Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн курал сактоочу бөлмөсүндө болду. 26 жаштагы ага сержант куралын өткөрүп жатып, капысынан милициянын старшинасы тарапка ок чыгарып алган. Ок жабырлануучунун төшүнө тийип, ал ошол жерден жан берди. Маалыматка караганда, өз кызматкерлерин даярдоодо мүчүлүштүк кетирген жетекчилердин иши тыкыр иликтөөгө алынып, катуу чаралар көрүлөт. Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.