Жаңылыктар
А.Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасын кабыл алды
Саясат
А.Атамбаев  Жогорку Кеңештин төрагасын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Дастан Жумабековду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Жумабековду кызмат орду менен куттуктап, ийгилик каалады. Алмазбек Атамбаев төрагага Куран жана "Манас" китебин белек кылып, азыркы күнгө чейин кыргыз эли эгемендик үчүн күрөшүп келе жатканын билдирди. 

Президент - Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү туруктуулукту сактоого, ал эми жаңы шайлаганга төрага парламенттеги коалициялык көпчүлүк менен Жогорку Кеңештеги оппозициянын бирдиктүү иш алып барышына өбөлгө болот, - деген ишенимин билдирди. Ошондой эле 2040-жылга чейин өлкөнүнүн өнүгүү стартегиясын ишке ашырууда, реформа жүргүзүүдө, социалдык тармакты өнүктүрүүдө, ишкерлерге жана өндүрүшүчүлөргө мыкты шарт түзүүдө жана жарандардын укугу менен эркиндигин коргоодо Жогорку Кеңештин өзгөчө орду бар экенин кошумчалады.