Жаңылыктар
6-7-ноябрь күндөрү эс алуу күндөрү деп жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
6-7-ноябрь күндөрү эс алуу күндөрү деп жарыяланды

Октябрь революциясы күнүнө карата кыргыз өкмөтү 6-7-ноябрда эс алуу күндөрү деп жарыялады.

 Расмий кабарга ылайык, 6-ноябрь дүйшөмбүгө туш келгендиктен, ал күнкү жумуш 28-октябрь - ишембиге которулат.

Мындай чечим дем алыш жана жумуш эмес күндөрдү ырааттуу пайдалануу максатында кабыл алынганы белгиленет маалыматта. 

7-ноябрда жыл сайын Октябрь революциясынын күнү белгиленет.