Жаңылыктар
Борбор калаадагы бетону кулап түшкөн үйдүн курулушу улантылбайт
Кырсык
Борбор калаадагы бетону кулап түшкөн үйдүн курулушу улантылбайт

Борбор калаадагы Аалы Токомбаев көчөсүндө бетону кулап түшкөн үйдүн курулушун улантууга эми уруксат берилбейт. Бул тууралуу мамлекеттик Экотехинспекциядан билдирди. 23-октябрда “Авангард стиль” компаниясы куруп жаткан турак-жай комплексинин конструкциясы кулап түшүп, кырсыктан 12 адам жабыркап, экөө дале ооруканада.

Бул окуя боюнча Экотехинспекция атайын комиссия түзүп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Деги эле сапаты боюнча алдыңкы делген курулуш компаниясынын ишинде кырсыкка кандайча жол берилди? Баш калаада курулуп жаткан көп кабаттуу имараттар экологиялык жана техникалык талапка, сапатка жооп береби? 

Эми бул курулуштун иштери токтоду. Азырынча белгилүү болгон маалымат боюнча турак-жайдын чатырына монолит куюлганда тирөөчтөр аны көтөрө албай кулап түшкөн. Экотехинспекция окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүп, териштирүү, текшерүү иштери жүрүп жатат. Эми бул объект текшерүүлөр бүткөндөн кийин толугу менен сүрдүрүлүп, долбоордун негизинде кайрадан курулушу башталат – дейт Мамлекеттик Экотехинспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Мелис Адиев.


"Авангард стиль" компаниясы техникалык курулуш эрежелерин сактабаганы үчүн айып пулга жыгылышы мүмкүн. Адистер бир жума мурда эле техникалык коопсуздук боюнча рейд жүрүп, курулуш нормалары боюнча бардык курулуштарга эскертүү берилгенин маалымдоодо.

Сүймөнкул Идирисов,  Биринчи Радио