Жаңылыктар
Казахстандын премьери чек араны эркин кесип өтүү болбостугун жарыялады
Чек ара
Казахстандын премьери чек араны эркин кесип өтүү болбостугун жарыялады

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери топтолуп калган маселелерди териштирип, чече турган аянтча. Бул жолку Ереванда өткөн жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы жагдайдын оң жакка чечилиши күтүлгөн. Анын үстүнө маселе боюнча сүйлөшүүлөр адегенде эки тараптуу, тар чөйрөдө андан соң кеңейтилген отурумда талкууланды.

“Бизде кыргыз-казак чек арасында айрым бир маселелер бар. Биз өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Айрым маселелер чечилди. Бирок ушул маселелер жаралышы керек беле деген суроо бар. Бул жагдай ЕАЭБдин алкагындагы өнөктөштүктүн табиятына шайкеш келеби? 10-октябрда чек арада көзөмөл күчөтүлгөн андан бери маселе чечиле элек. Биз бир тууган казак эли бизди түшүнүп маселе чечилет деген ишеничтебиз. Себеби келишим боюнча жүктөлгөн унаалар чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүлүшү керек. Ошондуктан биз ушул маселеге көңүл бурууну каалайбыз. Биз Казакстан баардык маселени чечет деген ишенебиз.”-деп билдирди өз сөзүндө Премьер-министр Сапар Исаков.

Кыргызстан менен Казакстандын жолугушууларынын жыйынтыгы чек ара маселесин бир беткей чечилиши, эки тараптын орток пикири 48 пункттан турган жол картасына кол коюу менен бекемделээри күтүлгөн. Бирок Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чек араны эркин кесип өтүү болбостугун жарыялаган соң, чечилип калган маселени жокко чыгаргандай болду.


Сагинтаевдин чек ара аркылуу аткезчилик жол менен өтүп жаткан товарлар боюнча билдирүүсү Кыргызстан тарапты таң калтырды. Экономика министри Артем Новиковдун айтуусунда, ЕАЭБдин аймагында мындай көрүнүш орун алган. Новиков өзүнүн статистикасын келтирди. Кытайдан Казакстанга келген импорттун көрсөткүчү Казакстан тараптан жарыя кылынган цифраларга дал келбейт. Бирок бул деле анча мааниге ээ эмес. Талдоочулардын пикиринде, коңшу өлкөнүн чек араны бир тараптуу жабышы ЕАЭБдин ичиндеги кабыл алынган макулдашууларга каршы келет. Ошол эле маалда жол картасын иштеп жатканда Кыргызстан көп эле нерсеге макул болгон. Бирок коңшу өлкө тарабынан башкача жооп кайтарылды,- деди экономика министри.



Талдоочулар чек ара боюнча маселе саясатташып, ар кандай шылтоо менен жасалма эле көйгөйгө айланып жатканы эбак эле айкын бологонун белгилеп жатышат. Экономист Жумкадыр Акенеев билдиргендей, Казакстандын маселени көптүрүп чек арада жасалма тоскоолдук жаратып жатканы ЕАЭБ кызматташтыгына көлөкө түшүрүүдө жана Евразиялык экономикалык биримдикке, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттердин экономикалык алакаларына жайлатууда. Акенеевдин пикиринде Казакстан тараптын Кыргызстанга койгон талаптары анча ынандыраарлык эмес.


Эксперттердин баамында, Казакстандын мындай аракети коңшу өлкөнүн иштиктүү баарлашууга кызыкдар эмес экенин көрсөтөт. Азырынча кыргыз тарап Евразиялык экономикалык комиссиянын жана дүйнөлүк соода уюмунун жообун күтүүдө.