Жаңылыктар
Фракция ичиндеги пикир келишпестиктер
Саясат
Фракция ичиндеги пикир келишпестиктер

Парламенттеги Өнүгүү-Прогресс фракциясы өзүнүн катарынан үч депутатты, Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмазбек Жутановду чыгарды. Себеби - алар фракциянын айрым чечимдерине макул болбой, лидеринин бир беткей чыгара берген бүтүмүнө каршы чыккандары айтылууда. 

 

Депутат Тазабек Икрамов фракциянын катарынан чыгарылганын кечээ кечинде маалымат каражаттарынан уккан. Бирок бул күтүлүп жаткан эле окуя болчу, - дейт. Айтымында, фракция лидери менен болгон мамилеси кечээ же бүгүн эле бузулган жок. Пикир келишпестик буга чейин эле пайда болгон. 


Фракциянын айрым депутаттары жыйынга чогулганда өздөрүнүн лидери тууралуу сөз болгонун Тазабек Икрамов жашырган жок. Бирок Төрөбаевди төрагалыктан кетиребиз деп, кесе айтылган эмес, -дейт. Бул маселе эми кечээги окуядан кийин конкреттүү түрдө көтөрүлө турган болду. 


Катардан чыгарылган депутаттар фракциянын жана партиянын алып барып жаткан иштерине нааразы болуп жүрүшкөнүн айтышат. Айрыкча шайлоо алдында, Бакыт Төрөбаев ар кайсы саясатчылар менен биригип, партиялаштарынын бул жааттагы пикирин эске албай койгон.


Саясий серепчилердин пикиринде, учурда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында өз ара ыдыроо процесси башталды. Парламенттеги буга чейинки окуяларды эске алганда бул таң калычтуу көрүнүш эмес, - дешет. Маалымат каражаттарында “Республика-Ата-Журттун” арасында да өз ара бөлүнүүлөр башталганы айтылууда. Аларда да лидеринин саясатына нааразы болгон бир катар депутаттар бар. 


Эксперттер парламенттеги бул жагдай жаңы эле өткөн президенттик шайлоолорго байланыштуу экенин белгилешүүдө. Саясий күчтөр азыркы учурда жеңилип калган талапкерден мүмкүн болушунча алыстоого аракет жасап жатышат.


Мына ушундай эле окуялар бешинчи чакырылышта да бир канча жолу болгон. Анда да өз оюн эркин айткан айрым депутаттар катардан чыгарылып же тескерисинче эл өкүлдөү биригип, лидерин алмаштырган учурлар орун алган.