Жаңылыктар
Казакстандын элчилигинин алдында митинг өттү
Чек ара
Казакстандын элчилигинин алдында митинг өттү

Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында митинг болду. Казак тарапка нааразы болгондор кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртууну талап кылышты. 

«Кырк чоро» уюмунун жетекчиси Бактыбек Нуралы уулу - ЕАЭБдин талаптарына ылайык, Казакстан чек араны ачышы керектигин билдирди. Анын айтымында, Казакстан Бажы биримдигинин мыйзамын бузуп жатат. 

Бат бузулуп кетүүчү азык-түлүк өткөрүлүшү керек, - деди ал. Ошондой эле ишкерлер кыйынчылыкка туш болуп жатканын кошумчалады. Митингчилер Казакстандын элчиси Айымдос Бозжигитовго кайрылып, чек арадагы учурдагы маселени чечүү керектигин айтышты. Элчиликтин өкүлү чыгып, митинг катышуучуларынын кайрылуусун кабыл алды.